ӨКМ: 10-12-майда сел жүрүшү күтүлөт

  • 1 месяц мурун

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги 8-майда эскертти.   

ӨКМ калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунуштайт: мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты