«Клооп» басылмасы шайлоого «Коомар Медиа» уюмунун атынан байкоо жүргүзөт

  • 2 года мурун

«Клооп Медиа» коомдук фондунун кызматкерлери парламенттик шайлоодо «Коомар Медиа» уюмунун атынан байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу аталган фонддун шайлоолорго байкоо салуу боюнча координатору Айзирек Алмазбекованын маалыматына таянып жазды.

«Биздин юридикалык каттоодон өткөн экинчи уюмубуз бар. Ал «Коомар Медиа» деп аталат. Себеби, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоо тилкесине бир уюмдан бир гана байкоочу көз сала алат. Кызматкерлерибиздин коопсуздугуна байланыштуу буга чейинки шайлоолордо да биз эки уюмдун атынан байкоочуларды жөнөткөнбүз», — деп билдирген Алмазбекова.

18-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына «Коомар Медиа» шайлоого байкоо жүргүзөрүн бышыктаган маалымат чыккан.

Ноябрь айынын башында БШК «Клооп Медиа» коомдук фондуна шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат берген эмес. Буга уюмдун жобосунда шайлоого байкоо салуу тууралуу жазылбаганы негиз келтирилген. «Клооп Медиа» бул чечимди укук бузуу катары сыпаттап, уюмга таандык дагы бир фонд — «Коомар Медианы» кайра каттоодон өткөрүп, байкоочулукка арыз беришкен.

«Клооп Медиа» фонду 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого, кийин президенттик шайлоого жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга байкоо салган. Алар добуш берүү жараянында жүздөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.

Алардын байкоочулары 2020-жылы октябрдагы шайлоодо республика боюнча 300дү түзсө, 2021-жылы апрелде 2800гө жеткен. 28-ноябрга белгиленген шайлоого 1500 байкоочу жалдай турганы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты