Китеп фест-2006. Эл аралык фестиваль өтөт  

  • 3 недели мурун

23–24-апрелде Манас шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан эл аралык “XVII КИТЕП FEST – 2026” китеп фестивалы уюштурулат.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Фестивалга республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өкүлдөрү ошондой эле Россия, Казакстан, Өзбекстандан акын-жазуучулар, басмакана өкүлдөрү, маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери катышат.

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөлөрү,белгилүү акын-жазуучулар менен жолугушуулар, концерттик программалар, адабий конкурстар, театрлаштырылган оюн-зоок, китеп окууну жайылткан интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты