Киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарандык күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалды.

Бул тууралуу Чүй ИИБ басма сөз кызматы маалымдады.

22-февралда Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына Люксембург айылындагы Строительный көчөсүндөгү үйдөн М.Г. аттуу жарандын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабарланган.

Бул факты боюнча  кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон.   

Тергөө учурунда аныкталгандай, 1998-жылы туулган Б.К. аттуу аял 1992-жылы туулган М.Г. менен чогуу жашаган, алар 22-февралда болжолдуу саат 02:30да үйүндө спирттик ичимдик ичишип, уруша кетишкен. Ошол учурда Б.К. ашканадагы бычак менен М.Г.ны көкүрөк жагына сайып жибергенде, ал ошол жерден жан берген.

Шектүү катары Б.К. кармалып, убактылуу камак жайына алынган. Тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери улантылууда.   

Сүрөт: Чүй ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты