Кийим тигүүчү цехтин 550 чарчы метр аянты күйдү
- 5 дней мурун
- Видео
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Луговой айылында кийим тигүүчү цехте чыккан өрт өчүрүлдү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгү тартылган.
Өрттөн цехтин 550 чарчы метри күйгөн. Өрттүн себеби такталып жатканы айтылды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!