Киевдеги кыргызстандыктар Венгрия аркылуу эвакуациялана баштады

  • 2 года мурун

Украинанын Киев шаарындагы кыргызстандыктар элчилик уюштурган автобустар менен Венгрияга чыгарыла баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Киевдеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаиловдун маалыматына таянып жазды.

«Коменданттык саат бүттү, азыр чыгып кетчүлөр кетип жатат. Биздин элчилик уюштурган автобус Венгрияга чыкканы жатат. Калгандары кийинки автобусту күтүшөт. Негизи кетем деген 150 киши бар. Бирок автобуска бата турганы кетет», — деди Исмаилов.

Анын айтымында, автобусту элчиликтин кызматкерлери коштоп жүрөт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Киевде коменданттык саат киргендигине байланыштуу, эвакуация иштери 28-февралда башталарын билдирген.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты