Киев Путин менен сүйлөшүүлөрдөн расмий баш тартты

  • 2 года мурун

Украинанын Президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимди ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Документте Орусиянын азыркы Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместиги айтылат. Чечим Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алуусуна байланыштуу кабыл алынган.

Зеленскийдин буйругу 4-октябрда жарыяланды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин Президентинин чечими тууралуу комментарий берди.

“Азыркы мамлекет башчынын позициясындагы өзгөрүүлөрдү же украин элинин кызыкчылыгы үчүн өз позициясын өзгөртүүгө даяр Украинанын эмки Президентин күтөбүз” деп айтты ал.

30-сентябрда Зеленский Украина НАТОго тездетилген тартипте кошулуу арызын тапшырганын билдирген. Ошондой эле Киев Орусиянын башында Путин турган кезде эч кандай сүйлөшүүлөргө барбасын белгилеген. Анын алдында орус президенти Украинанын төрт аймагынын аннексиясын жарыялаган.

Путин Москва Киев менен сүйлөшүүгө даяр деп бир нече ирет билдиргени менен өзү аларга түздөн-түз катышарын айткан эмес.

Сүрөттө: Владимир Зеленский. president.gov.ua

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты