Киев Москва менен сүйлөшүүлөргө тоскоол болгон себептерди атады
- 2 года мурун
Орус аскерлеринин Мариуполь шаарын курчап алышы Киев менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү оорлотту.
Бул тууралуу Украинанын сүйлөшүү тобунун мүчөсү, өлкө президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.
Анын айтымында, азыр тараптардын түз сүйлөшүүлөрү качан калыбына келерин так айтууга мүмкүн эмес.
«Сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жаткан дагы бир жагдай – Орусиянын Донбасска жаңы чабуулдарды жасоо үчүн өз позицияларын бекемдеп жатышы» деди Подоляк.
19-апрелде «Донецк элдик республикасы» деп аталган жикчил аймактын куралдуу күчтөрү украин армиясынын Мариуполь шаарындагы негизги коргонуучу жайы болуп жаткан «Азовсталь» металлургиялык комбинатка чабуул башташканын билдирген. Жикчилдердин өкүлү Эдуард Басуриндин айтымында, аталган объектиге чабуул жасоо үчүн атайын «чабуул топтору» даярдалып, аларга «Орусия жакшы жардам берүүдө».
19-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу «Азовсталь» заводунда коргонуп жаткан украин аскерлерине багынып берүүнү сунуштады. «Украинская прада» басылмасынын маалыматына караганда, бул орус бийлигинин апрелдин башынан берки мындай сунуш менен үчүнчү жолку кайрылуусу болуп калды.
Орусиянын жана «Донецк элдик республикасы» деп аталган жикчил аймактын күчтөрү Мариуполь шаарын марттын башында курчап алышкан. Андан бери «Азов» батальону менен деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын жоокерлери шаар үчүн күрөш жүргүзүп келишет.
Сүрөт: president.gov.ua