Киев менен Харьков шаарларында жардыруу болуп жатат

  • 1 год мурун

Украинанын Орусия оккупациялап алган райондорунан башка бардык аймактарында аба айгайы жарыяланды. Украин бийлиги Киев, Харьков, Запорожье, Кривой Рог жана башка шаарларда жардыруулар болуп жатканын кабарлады.

«Би-Би-Синин» кабарчысы Киевде көптөгөн жардыруулардын үнү угулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, жардыруулардан кийин электр энергиясы өчүп, байланыш үзүлдү. Кийинчерээк Киевдин мэри Виталий Кличко маанилүү инфраструктураларга жасалган соккудан калаанын бир бөлүгү жарыксыз калганын кабарлады. Айрым райондордо суу да өчтү.

Харьковдун мэри Игорь Терехов шаарда эки жардыруу болгонун маалымдады. Маанилүү инфраструктуралык объектилер аткыланды. Харьков метрополитени ишин токтотуп, шаарда троллейбус жана трамвайлар да жүрбөй калды.

Алдын ала маалыматка караганда, орусиялык аскерлер С-300 комплексинен аткылоодо. Ракета Белгороддон кое берилгени айтылууда.

Мындан тышкары Запорожье, Винница, Кировоград, Полтава жана Днепропетровск облустарында да жардыруулар орун алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аймагы ракетадан аткыланганы жөнүндө комментарий бере элек.

Украинанын инфратүзүмдөрү 10-октябрдан бери аткыланып жатат. Буга чейин Москва Крым көпүрөсүндөгү жардыруу үчүн жооп болорун эскерткен. Орусиянын президенти Владимир Путин бул жардырууну украин атайын кызматтары жасаган деп эсептейт.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко Орусиянын аткылоосунан өлкөнүн энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 30-40% зыянга учураганын маалымдады. Украин энергетика тармагы миллиарддаган доллар чыгымга учурады.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты