Киберкоопсуздукту камсыз кылуу координациялык борборунун директору алмашты
- 3 года мурун
Абдыкадыр Разаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.
Ал эми аталган координациялык борбордун мурдагы директору Жанибек Жоробаев кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү