Кибер кылмыштуу топту уюштурууга шектүүлөр камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Трансулуттук кылмыштуу топ социалдык түйүндөрдө мобилдик тиркемелер аркылуу зыяндуу вирустук программаларды таратып, аларды активдештиргенден кийин колдонуучу КР жарандары электрондук капчыктарындагы акчаларын жоготуп алышкандыгы белгилүү болгон.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Топтолгон жана процессуалдык түрдө документтештирилген далилдердин негизинде аталган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп,  чет элдик эки жаран жана алардын эки шериги болгон кыргызстандык жарандар кармалды. 

Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандар тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Кибер кылмыштуу топту уюштурууга шектүүлөр камакка алынды
Кибер кылмыштуу топту уюштурууга шектүүлөр камакка алынды
Кибер кылмыштуу топту уюштурууга шектүүлөр камакка алынды
Кибер кылмыштуу топту уюштурууга шектүүлөр камакка алынды

Башкы сүрөт: Иллюстрациялык. Интернет булактарынан

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты