Кибер алдамчылыкка шектүү кармалды

  • 2 месяца мурун

27-28-август күндөрү белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, 1958-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды алдап, жалпы 600 000 сом акчасын мыйзамсыз ээлеп алышкан. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.З. аттуу жаран аныкталып кармалган.

Шектүүнүн жанынан Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылып, алынган.

Аныкталгандай, кармалган жаран кылмыштуу схемада «активатор» ролун аткарган.

Анын милдетине SIM-карталарды өзүнүн атына же башка адамдардын атына каттоо, активдештирүү жана номерлерди WhatsApp мессенжерине байлоо менен кийинчерээк үчүнчү жактарга сатуу кирген.

Соттун чечими менен шектүү жаранга карата камакка алуу баш коргоо чарасы талдалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.

Кибер алдамчылыкка шектүү кармалды

Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты