Кесиптик бирликтин экс-төрагасы жана “Гвоздика” лагеринин экс-директору кармалды
- 1 год мурун
- Видео
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кыймылсыз мүлктөрүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактысы аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 19-февралда кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин мурдагы төрагасы А.Т., КПФнын “Гвоздика” лагеринин мурдагы директору Б.Б., Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы «Красная гвоздика» балдар лагерин жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан «Ак-Суу» эс алуу үйүн мыйзамсыз ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалган адамдарга тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




