“Керемет Банк” АКШнын санцкциясы боюнча билдирүү жасады
- 4 недели мурун
“Керемет Банк” АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын банкка салган санкция тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.
Банк OFACга АКШнын Каржы министрлигинин (OFAC) Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсесине “биздин банк тарабынан мыйзам бузууларга жол берилген” деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылды.
«Керемет Банк» ААК ачык-айкындуулук, ишенимдүүлүк жана жоопкерчилик принциптерине берилгендик менен кардарлардын жана өнөктөштөрдүн алдындагы өз милдеттерин аткарып, кадимки тартипте ишин улантууда.
Жогорудагы окуялар банктын ишине таасирин тийгизбейт жана банк аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткарууну улантат. Бардык бөлүмдөр график боюнча иштеп, операциялык иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүүдө. Биз диалогго ачыкпыз жана жөнгө салуучу органдар, анын ичинде эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даярбыз жана жаңы маалыматтар пайда болгон учурда Банктын өнөктөштөрүн жана кардарларын кабарлап турабыз», — деп жазылат маалыматта.