Кербен шаарынын мэриясы мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирген

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кербен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке жалпы 3 892 621 сомдук зыян келтиргендиги аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кербен шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2015-жылдан 2022-жылдын 1-февралына чейин Кербен шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн негизги белгиленген айлык маянага кошумча үстөк эмгек акысы мыйзамсыз бекитилип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке жалпысынан 3 892 621 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты