Көчмөндөр оюндары ачылган күнү «Бишкек Аренага» шаттл автобустары уюштурулат

31 -августта  VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында «Бишкек Аренага» жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  Шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт.

Шаттл-автобустары жөнөй турган пункттар:

1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
4. Аалы Токомбаев  көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
6. Ауэзов  көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
7. «Туңгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);
8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
11. Алтымышев  көчөсү, 98/1;
12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);
17. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
19. Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
21. Тыналиев  көчөсү, 16.
Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр «Бишкек Арена» стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: www.bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты