Кемпир-Абад иши: Камалгандар сотто гимн ырдагандан кийин залдан чыгарылды

22-июнда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угууда айыпталуучулар гимнди ырдагандыгы үчүн сот залынан чыгарылды.

Адвокаттар соттун ачык өтүшүн, абактагыларды үй камагына чыгаруу  сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында жумуш күнү аяктады деген жүйө менен ишти кароонун мөөнөтү 23-июнга жылдырылды.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бир катар көрүнүктүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана активисттер: Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Айданбек Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, Эрлан Бекчороев жана башка 27 адамга айып тагылууда.  

Кармалган 27 адамдын 16сы азыр абакта.

ПолитКлиника” медиасынын Тет-а-Тет берүүсүндө адвокат Кантемирдин Турдалиев Кемпир-Абад маселеси, андагы адам укугунун бузулушу, тергөө учурундагы мыйзамсыздык тууралуу маеги бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты