Кемпир-Абад иши: Бектур Асановго операция жасалды

  • 3 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан оппозициялык саясатчы  Бектур Асановго 15-январда Улуттук госпиталдын нерохирургия бөлүмүндө моюн омурткаларына операция жасалды.

Бул тууралуу анын вдвокаты Эркин Булекбаев билдиргенин “Азаттык” жазып чыкты.

Операцияны Улуттук госпиталда нейрохирургдар Миталип Мамытов жана Талант Жапаров жасагандыгы айтылды.

Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандар Бектур Асановдун ооруканага жаткырылышын талап кылышкан.

«Эгерде жакын арада Бектур Асанов ооруканага чыгарылып, ага операция жасалбаса, биз ачкачылык жарыялоо, соттук отурумдан баш тартуу боюнча акцияларды баштоого аргасыз болобуз» деп жазган Азимбек Бекназаров.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылган.

2023-жылы 28-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандарды камакта калтырды.

Өткөн жылы 29-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 29-январына чейин узарткан. Буа байланыштуу алардын адвокаттары сотко кайрылган.

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Сүрөттө: Бектур Асанов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты