Кемпир-Абад иши: Айыптоочу тарап шектүүлөрдү 20 жылга эркинен ажыратууну сурашууда    

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 10-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот уланууда. Айыптоочу тарап айыпталуучулардын мүлкүн конфискациялоо менен ар бирин 20 жылга эркинен ажыратууну сурашууда. 

Бул маалыматты “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырастады.

Прокурор Кемпир-Абад иши боюнча Мамбетжунус Абыловго, журналист Айданбек Акматовго, Акыл Айтбаевге, курулушчу Нурлан Асанбековго, Марат Баязовго, Атай Бейшенбекке, Азимбек Бекназаровго, Эрлан Бекчороевге, Гүлнара Журабаевага, Равшан Жээнбековго, Чыңгыз Капаровго, Кубанычбек Кадыровго, Улукбек Маматаевге, Жеңиш Молдокматовго, Темир Махмудовго, Асия Сасыкбаевага, Перизат Сурановага, Клара Сооронкуловага, Ильгиз Шаменовго, Рита Карасартовага, Али Шабданга 20 жылдан эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоону суранып жатат.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активисттер суракка алына баштады.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган катында ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай эле шектүүлөрдү суракка алып баштаганы, бул мыйзам бузуу экени жазылган. 29-майдагы соттук отурумда биринчилерден болуп жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) суралган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты