Кемин районундагы стоматологиялык  клиниканын директору кармалды

  • 2 месяца мурун

Чүй облусунун Кемин районундагы  стоматологиялык клиниканын директору М.Т.О.  кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, М.Т,О. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык), 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

М.Т.О. өзүнүн башкы эсепчиси Б.С. жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Н.С. менен сүйлөшүп алып, стоматологиялык клиниканын мурда иштен бошотулган кызматкерлерине билдирбестен, Кемин районунун банктарында алардын атына эсеп ачып, эмгек акысын төлөп берүү шылтоосу менен, 2017-2023-жылдар аралыгында акча каражаттарын которуп, накталай акчага айландырган.

Маселен, М.Т.О. өзүнүн жакын туугандарын, кызын жана жубайын жумушка алынганы боюнча буйрук чыгарып, аларга эмгек акы эсептелинген, бирок иш жүзүндө алар иштеген эмес.

Алдын ала мамлекеттик бюджетке 5 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Т.О. кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иш-чаралары улантылып жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты