Кемин районунда жер титиреди  

  • 12 месяцев мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 5-апрелде, саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты