Кемин: Кар көчкү түшүп, бир жаран каза тапты
- 2 года мурун
Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөө кар көчкү алдында калып каза тапты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 4-мартта билдирди.
Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.
Аны издешип, саат 17:45те көчкүнун алдынан 49 жаштагы Б. Р. аттуу кишинин сөөгү табылган.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү