Кекилик жана кыргоолду чектелген көлөмдө илимий негизде аткылоого уруксат берилди

  • 1 месяц мурун

Министрликтин тапшырмасы жана Улуттук илимдер академиясынын илимий кайрылуусунун негизинде башкармалыктын буйругу менен кекилик жана кыргоол боюнча чектелген көлөмдө илимий аткылоо жүргүзүүгө уруксат берилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан жаныбарлар дүйнөсүн коргоо тармагында коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу жана жапайы канаттуулардын популяциясынын эпизоотикалык коопсуздугун камсыздоо багытында бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.

Ошону менен бирге Министрликтин тапшырмасын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кайрылуусунун негизинде башкармалыктын буйругу менен кеклик жана кыргоол боюнча чектелген көлөмдө илимий аткылоо жүргүзүүгө уруксат берилди.

Бул иш-чаралар популяциянын абалын баалоо, паразитологиялык жана эпизоотикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле алдын алуу чараларын иштеп чыгуу максатында биологиялык материал алуу үчүн уюштурулууда.

Жаратылыш ресурстары, экологоия жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, бардык иштер белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу кызматкерлердин көзөмөлүндө, тиешелүү документтештирүү жана илимий коштоодо жүргүзүлөт.

Кекилик жана кыргоолду чектелген көлөмдө илимий негизде аткылоого уруксат берилди

Сүрөт: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты