Автобустагы жаш кыз менен аялдын чатагын милиция териштирүүдө
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарында автобуста эки аял кишинин чатакташканы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Г.Д. аттуу жарандан билдирүү түшүп, ал Жибек жолу жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен автобуста эки аял киши чатакташканы айтылган.
Бул фактыны Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы каттоого алып, тергөөгө териштирүү башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө Свердлов райондук миициясына 1963-жылы туулган К.Ф. жана 1992-жылы туулган П.А. жеткирилген.
Маалыматта айтылгандай, К.Ф. га соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим чыгаары айтылды.
Бул чатак автобуста жаш кыздын анан улуураак аял кишиге орун бошотуусунан улам чыгып. Аягы кол көтөрүү менен аяктаган.
Сүрөт: Соцтармактан




