Кеңсе, соода жайларына уурулукка кирүүгө, тоноого шектүү кылмыштуу топ кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулукка жана карактоого шектелген 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Кармалгандар бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турушкан. Кармалгандардын өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар уурулукка жана каракчылык кол салууларга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, алар административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңсе жайларын тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоо учурунда топтун мүчөлөрү өздөрүнүн ким экендигин жашыруу жана күбөлөрдү адаштыруу максатында конспирация чараларын, анын ичинде аялдын беткабын жана париктерди колдонушкан. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 25 млн сомду түздү.

Кармалгандар:

-1980-жылы туулган, М.Б.А. мурда киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук жана куралды мыйзамсыз сактоо үчүн 5 жолу соттолгон;

-1991-жылы туулган Т. уулу Т. мурда киши өлтүрүү, уурулук жана тоноо үчүн 3 жолу соттолгон;

-1988-жылы туулган К. С. Д. мурда каракчылык, уурулук жана тоноо фактылары боюнча 14 жолу соттолгон;

-1994-жылы туулган Ж.Д.Т. мурда каракчылык жана уурулук үчүн 5 жолу соттолгон;

-1988-жылы туулган Ч. З. С. мурда каракчылык жана уурулук үчүн 5 жолу соттолгон;

-1991-жылы туулган Т. уулу У. мурда уурулук үчүн соттолгон; —1988-жылы туулган О. М. Д. мурда каракчылык, уурулук, ден соолукка оор залал келтирүү жана опузалоо боюнча 6 жолу соттолгон;

-1991-жылы туулган М. уулу Э. мурда уурулук үчүн 3 жолу соттолгон;

-1988-жылы туулган Э. А. Р. мурда уурулук үчүн соттолгон.

Тинтүү учурунда сейфтерди жана эшиктерди ачууга, ар кандай татаалдыктагы ачкычтарды тандоого мүмкүнчүлүк берген жабдыктар, радиостанциялар, GPS-трекерлер, күзөт тутумдарынын жана сигнализацияларды өчүргүчтөр (глушилки)., ындан тышкары: АКСУ автоматы 30 огу менен, Макаров тапанчасы (ПМ), 9 мм калибрдеги 20 күжүрмөн ок, травматикалык тапанчасы, Ф-1 гранатасы, кооптуу куралдар (бычактар), ошондой эле салмагы 45 грамм «гашиш» (каннабис чайыры) баңгизаты алынды.

Кармалгандарга кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен айыбы угузулуп, Бишкек шаарындагы №1 убактылуу абак жайына камалды.

Ошондой эле бул топтун кылмыштуу иш-аракеттерине жаза аткаруу кызматы мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жана мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон адамдардын тиешеси бар экендиги такталды.

Кармалгандар төмөнкү соттолгондор менен байланышта болушкан: К. Н. Д. (8 жолу соттолгон), Э. Ж. О. (9 жолу соттолгон), Б. А. Т. (13 жолу соттолгон), Т. С. А. (3 жолу соттолгон), Ж. С. А. (4 жолу соттолгон), Ш. Т. С. (8 жолу соттолгон).

Алдын ала маалыматтар боюнча, өз ара аракеттенүү схемасы төмөнкүдөй болгон: эркиндикте жүргөн адамдар кылмыш жасашкан, ал эми абактарда отургандар ыңгайлуу убакыттарды тандап, жасалган кылмыштарды өздөрүнө алышкан.

Кеңсе, соода жайларына уурулукка кирүүгө, тоноого шектүү кылмыштуу топ кармалды

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты