“Кең-Сай – автожол” көзөмөл пунктунда ишкерлерге кысым көрсөткөндөр кармалды

  • 2 месяца мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Кең-Сай – автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Т.А.И. аттуу КР жараны (каймана аты «Тайсон») жана анын иниси «И.у.К.» (каймана аты «Кудаш»), «Кең-Сай – автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жеке ишкерлерге кысым көрсөтүп, бажы жана чек ара кызматынын кызматкерлерин коркутуу менен, көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишине тоскоолдуктарды жаратышкан.

Мындан тышкары, алардын Ноокен районунун чек ара аймагындагы аткезчилик иштерге (дары-дармектерди, тамеки буюмдарын, уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташуу ж.б.), ошондой эле Өзбекстандан келген эмгек мигранттарын мыйзамсыз негизде Бишкек шаарына ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды. Алар эмгек мигранттарын коркутуп, өздөрүнүн карамагында болгон таксилерге зордоп салып, алардан жол кире акысын чектен тыш жогорку баада талап кылышкан. 

“Кең-Сай – автожол” көзөмөл пунктунда ишкерлерге кысым көрсөткөндөр кармалды

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты