Кеңеш Кулматовго «Даңк» ордени тапшырылды

  • 3 месяца мурун

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев мамлекеттик ишмер, советтик жана россиялык дипломат Кеңеш Кулматовго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Даңк” орденин тапшырды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин президенти Садыр Жапаров тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесин белгилөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы  саясатына кошкон олуттуу салымы үчүн Кеңеш Кулматовду “Даңк” ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Элчи Бөкөнтаев мамлекет башчынын куттуктоо сөздөрүн айтып, Кулматовдун дипломатиялык кызматтын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү баа жеткис ролун, ошондой эле дипломатиялык кадрлардын жаш муунун тарбиялоого кошкон салымын ыраазычылык менен белгиледи.

Өз кезегинде Кеңеш Кулматов Кыргыз Республикасынын мындан аркы гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты