Казино тууралуу мыйзам долбоору өтпөй, танапис жарыяланды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамдардын долбоорлорун карады.

Кыргыз Республикасында кумар оюндары лицензияланган ишкердиктин түрү болот жана лицензиялар акы төлөнүүчү негизде берилет. Долбоордо лицензиялык төлөө өлчөмүн Министрлер кабинети аныктоосу сунушталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунан онлайн казино жана оюн автоматтарын алып салуу сунушу колдоо таппай калганына өкүнүчүн билдирди. 

Бекешев мыйзам долбооруна каршы, анткени чет өлкөлүктөр гана эмес, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле балдар да онлайн казинолордун кардары боло алышат. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров IT-адистери КР жарандарынын онлайн казиного катышуусун көзөмөлдөөгө, ошондой эле 18 жашка чыга элек балдардын кумар оюндарына катышуусуна тыюу салууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди киргизүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Ал эми депутат Исхак Масалиев эгер кризис болбосо, айлыктар көтөрүлүп жатса, эмне үчүн экономиканы турукташтыруу жөнүндө сөз болуп жатканына кызыкты.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, КР жарандарынын казиного катышуусун көзөмөлдөөнүн инструменттери боюнча суроо узатты.

Акылбек Жапаров оюн-зоок жайларга  кирүү үчүн паспорт менен биометрикалык көзөмөл жүргүзүлөрүн билдирди. «Чет мамлекеттин жарандары гана паспортун көрсөткөндөн кийин казинонун кардары боло алышат. Мыйзам бузуулар болсо, казино ээлери жоопкерчиликке тартылат» деди ал.

Депутат Арсланбек Малиев кумар бизнеси инвесторлорду тартууга, жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзгөн факторлордун бири экенин баса белгиледи. 

Мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүдө өтпөй калып танапис жарыяланды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты