Кажы-Сайда уран өндүрүшүнөн калган объектилерге жакын жайгашкан каналдар нугу бекемделүүдө

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жума соңунда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында жайгашкан уран өндүрүшүнөн калган объектилерине жакын жайгашкан каналдардын нугун жасоо, бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалым болгондой “Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программанын алкагында 2019-жылы Кажы-Сай айылындагы уран калдыктарын сактоочу жайы толугу менен рекультивацияланган.

2024-жылдын 26-мартында Сочи шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында Кажы-Сай айыл аймагындагы уран өндүрүшүнөн калган өнөр-жай объектилери, күл төгүлүүчү аянттар, шахта, штольнилерди рекультивациялоо, Желбулак-Сайындагы узундугу 367 м болгон каналды калыбына келтирүү каралган.

Анын алкагында каналдын нугун тереңдетип, таш тизүү, габион торчолору менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Жерине жалпы 9 инженердик техника тартылган.

Министр жумушчулар менен жолукканда бекемдөө иштерин сапаттуу аткарып, ага катар тездетүү талабын койду.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө министр Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында жана Кажы-Сай айылында жаңы салынып жаткан өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн курулуш иштеринен кабар алды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты