Ички иштер министри Улан Ниязбековго коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып салынды
- 2 месяца мурун
Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки тарткандыгы үчүн айып пул төлөдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди
“Бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызматына карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгилейбиз. Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.” деп айтылат билдирүүдө.
Социалдык тармактарда коомдук жайда ички иштер министри Улан Ниязбековдун тамеки чеип жаткан видеосу таркаган.



Тамак чеккен сүрөт: Видеодон
Баш сүрөт жана айып протокол сүрөттөрү: ИИМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




