Президент Таласта “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Конокторго балдарга арналган борбордун эскиздик долбоору көрсөтүлгөн видеоролик тартууланды. Ал 6,5 га аянтка жайгашат. Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Садыр Жапаров ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин өзгөчө белгиледи.

“Ошондуктан бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат” деди президент.

“Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулмакчы. Объекттин курулушу 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзөт.

Мамлекет башчы Таласта ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлорду белгиледи. Анын ичинде “Манас-Ордо” тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо, шаардын борбордук паркын, аллеяларды жаңылоо, 5500 орундуу борбордук стадион куруу жана мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салына турган көп кабаттуу үйлөр бар.

Президент Таласта “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды
Президент Таласта “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты