Казакстандын «Жайсан» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы жол кырсыгында кыргызстандык жабыркады

  • 2 месяца мурун

Казакстандын Актөбө облусунун «Жайсан» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жол кырсыгы болуп, анда Кыргыз Республикасынын жараны, 1978-жылы туулган С.Б. жабыркаган.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Окуя болгон күндөн тартып Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жабыр тарткан С.Б., анын туугандары, ошондой эле ал жактагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп жаткандыгы айтылды.

Аталган факт боюнча Актөбө облусунун Мартук райондук полиция бөлүмү тарабынан Казакстан кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Аталган маселе ТИМ жана элчиликтин көзөмөлүндө тургандыгын маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты