Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

  • 11 месяцев мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 21-августта, Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

«Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды. 

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген.

Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулган.  

Жогорку даражалуу мейманды ошондой эле кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттарга ылайык тосуп алышты.

Буга чейин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, сапардын алкагында мамлекет башчыларынын чакан курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда “Ынтымак” паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган.

Сапарга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы, ошондой эле Кыргызстанда казак киносунун күндөрүн жана Бишкек шаарында үчүнчү кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты