Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапары: Талкууланар маселелер айтылды
- 11 месяцев мурун
Мурда кабарландай, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, сапардын алкагында мамлекет башчыларынын чакан курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат.
Ошондой эле сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда “Ынтымак” паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган.
Сапарга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы, ошондой эле Кыргызстанда казак киносунун күндөрүн жана Бишкек шаарында үчүнчү кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




