Казакстандын мурдагы юстиция министри кармалды

  • 9 месяцев мурун

Казакстандын коррупцияга каршы кызматы мурдагы юстиция министри кармалганын жарыялады. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. 

Мекеменин билдиришинче, шектүү керексиз кызматтарды көрсөтүү боюнча жыл сайын келишим түзүү аркылуу энчилеш компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн жана мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Агенттик шектүүнүн аты-жөнүн атаган жок. Бирок бир нече казак басылмасы өз булактарына таянуу менен бул 48 жаштагы Марат Бекетаев экенин жазды. Ал Казакстандын Юстиция министрлигин 2016-2022-жылдары жетектеп турган.

Бекетаев Январь окуясынан кийин кызматтан алынган, кийин анын премьер-министрди кеңешчиси кызматына дайындалганы кабарланган.

Orda.kz сайты ал быйыл февралда креслосунан кол жууганын, өкмөт башчынын кеңешчиси кызматында бир жылдан ашык отурганын билдирди.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты