Казакстандын өкмөтү отставкага кетирилди

  • 3 месяца мурун

Казакстандын президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен өкмөт толук курамда отставкага кетирилди.

Премьер-министрдин ишин убактылуу аткаруу милдети Роман Склярга жүктөлдү, өкмөттүн жаңы курамы бекигенче азыркысы иштей бере турган болду. Роман Скляр буга чейин өкмөт башчынын биринчи орун басары болчу.

Кызматынан алынган Алихан Смаилов казак өкмөтүн жетектөөгө эки жыл мурдагы кандуу Январь окуясынан соң жүргүзүлгөн кадрдык дайындоолордон кийин киришкен. Ал эми бүгүн отставкага кетирилген министрлер кабинетинин курамы былтыр сентябрда түзүлгөн.

Өкмөттү алмаштырууга эмне негиз болгону айтылган жок.

Сүрөттө: Алихан Смаилов. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты