Казакстандыктар Украинага гуманитардык жардам жөнөттү 

11-мартта Нур-Султан шаарынан Украинага 40 тонна жүк менен эки фура жөнөтүлдү.

Украинанын Казакстандагы элчиси Петр Врублевскийдин айтымында, унааларда дары-дармек жана башка керектүү заттар бар. Ал Украинага көмөк көрсөтүү акциясына өтө көп адам салым кошконун айтып, казак элине ыраазычылык билдирди.

Элчиликтин маалыматына караганда, бул Казакстандын Украинага кара жол менен жөнөткөн алгачкы гуманитардык жардамы. Буга чейин 25 тоннадай жүк учак менен Украинага жеткирилген.

Жүк унаалары Орусияны айланып өтүп, Азербайжан, Түркия, Грузия, Болгария, Румыния аркылуу Украинанын Киев облусуна жеткирилүүгө тийиш.

Элчинин айтымында, 14-мартта Алматыдан авиакаттам менен гуманитардык жүк жеткирүү пландалууда. Ал Польшанын борбору Варшавага чейин барат.

Ыктыярчылардын бири Рахымбек Абдирахмановдун айтымында, гуманитардык акцияга Петропавловск, Чыгыш Казакстан, Караганды, Актау, Атырау, Кызылорда, Алматы жана башка аймактардын жашоочулары, мындан тышкары Кытай, Орусия жана Беларустагы казакстандыктар катышкан. Ушул күнгө карата Казакстан боюнча украин элине 150 миллион теңге (288 миң доллардан ашык) чогултулду.

– Башында көйгөйлөр болду, таңгактарга наклейка чаптоого уруксат беришкен жок. Бирок азыр мамлекет бизди кубаттап жатат деп ойлойм, бизге тоскоол болгон жок, атүгүл айрым жерден жардам берүүдө, — деди Рахымбек Абдирахманов.

Ушул аптада Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефондо сүйлөшүп, өлкө Украинага дары-дармек жана башка гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин айткан.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты