Казакстандык басылма Украинадагы согуш жөнүндө материалы үчүн орус сотуна чакыртылды

  • 1 год мурун

Казакстандык Arbat.media порталы Украинадагы согуш тууралуу материалы үчүн Орусиянын Владимир шаарындагы Ленин райондук сотуна чакыруу алганын маалымдады.

Сотко Орусия армиясынын 19-аскердик прокуратурасынын аскердик бөлүгү арыз бергени айтылат. Соттук териштирүү 17-февралга белгиленген.

Arbat.media басылмасы билдиргендей, чакыруу кагазында «Роскомнадзордун Владимир облустук башкармалыгы Украинадагы согуш жөнүндө макала чындыкка дал келбей турганын жана саясий мүнөздөгү коомдук маанилүү маалымат тууралуу жалган кабар таратылганын аныктаганы» жазылган.

Аrbat.media порталынын редакциясы өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирди.

Бул казакстандык ЖМКнын Орусия сотунан чакыруу алган алгачкы учуру. Орусия Украинага кол салгандан бери Орусиянын Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө кызматы (Роскомнадзор) бир катар казакстандык басылмалардан Украинадагы согуш тууралуу материалдарды алып салууну талап кылган.

Маселен, Роскомнадзордон Аrbat.media, «Власть», Informburo.kz, Ratel.kz, Newtimes.kz басылмалары Украинадагы согушка байланыштуу материалдарды өчүрүүнү талап кылган кат алган.

Сүрөт: ARP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты