Казакстандагы экс-министрдин аялынын өлүмү: Кылмышты жашырууга айыпталган директор кармалды

12-ноябрь күнү кечинде Казакстандын мурдагы экономика министринин аялы Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланыштуу Астана шаарындагы «Гастро-центрдин» директору кармалды. Ал кылмышты жашырууга айыпталып жатканы кабарланды.

Буга чейин Нукенованын өлүмүнө шектүү катары анын күйөөсү, Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган.

Астана шаардык полиция департаментинин маалыматына ылайык, мындан тышкары Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланыштуу «Кылмыш тууралуу кабар бербөө» жана «Жабырлануучуну кооптуу абалда калтыруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Мындан мурун Астананын райондор аралык тергөө соту экс-министр Куандык Бишимбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал 31 жаштагы аялын өлтүргөн деп шектелүүдө. Нукенова күйөөсүнүн ресторандагы ур-токмогунан кийин көз жумганы айтылууда.

Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев 2018-жылдын март айында коррупцияга айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Бишимбаев «Байтерек» улуттук башкаруу холдингинин жетекчиси болуп турганда Кызылорда шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиард теңгени уурдоо үчүн кылмыштуу схеманы уюштурган. Ал курулуш компанияларын тапшырык менен камсыз кылуу үчүн пара алган деп айыпталган. 2019-жылдын октябрында Бишимбаев шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

43 жаштагы Куандык Бишимбаев 2017-жылы камакка алынганга чейин мамлекеттик аппаратта жана квазимамлекеттик сектордо жогорку кызматтарда иштеген. Андан мурда ал экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы болгон.

Сүрөттө: Экс-министр Куандык Бешимбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты