Казакстанда жыл башынан бери 26 киши террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүк үчүн соттолду

  • 2 месяца мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-майда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Эрмек Сагимбаевди кабыл алды.

Сагимбаев атайын кызматтын жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, жыл башынан бери эки теракттын алдын алынганын, анын ичинде бирөө чет өлкөдө, чет элдик өнөктөштөр менен бирге даярдалганын айтты. Террордук жана экстремисттик ишмердүүлүк үчүн 26 адам соттолгон, дагы 22 адам боюнча тергөө иштери уланууда.

Маалыматка караганда, 139 чет өлкөлүк жаранга республикага кирүүгө тыюу салынды, «экстремисттик көз караштарга байланыштуу» 280ден ашык чет өлкөлүк жаран Казакстандан чыгарылды.

Мындан тышкары, өлкөгө тыюу салынган диний адабияттарды мыйзамсыз алып келүү аракеттерине бөгөт коюлганы айтылды. 19 чет элдик жаран жоопко тартылды.

Кирүүгө тыюу салынган жана депортацияланган адамдардын жарандыгы, так датасы тууралуу маалымат берилген эмес.

Ай башында Тажикстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтери Казакстанга барууну пландап жаткан жарандарына бардык уруксат кагаздарын жанында алып жүрүүнү эскерткен.

Казакстанда жашаган тажик мигранттары полициянын текшерүүсү, депортациялоо фактылары көбөйгөнүн айтышууда. 5-майда өлкөнүн Ички иштер министрлиги Улуу Тоо аймагында рейд жарыялап, анын натыйжасында 16 эмгек мигранты иштөөгө уруксаты жок деген жүйө менен депортацияланган. Алардын жетөө Өзбекстандын, тогузу Тажикстандын жарандары экени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты