Казакстанда журналистке кол көтөргөн депутат мандатын тапшырды (Видео)

Караганды облусунан төрт жолу парламентке шайланган казакстандык депутат Бекболат Тлеухан ыйгарым укугун токтотту. “Нур Отан” башкаруучу партиясынын өкүлүнүн мөөнөтүнөн мурда отставкасы 29-декабрда жалпы жыйында кабыл алынды.

Мурдагы эл өкүлүнүн ысымы дайыма ар түрдүү жаңжалдарда аталып келген.

29-декабрда Тлеухан ага көп аялдуулук жөнүндө суроо берген журналист Айнур Коскинага кол көтөргөн. Журналист бул окуядан кийин дароо полиция чакырган, кийин бөлүмдө денесиндеги көгаланы видеого түшүрүп, депутатка каршы арыз жазган.

Анткен менен депутаттын отставкасын бул окуяга байланыштырышкан жок. Тлеухан өзү Этноспорт боюнча дүйнөлүк конфедерациянын вице-президенти болуп дайындалганын, уюмдун башкы кеңсеси Стамбулда жайгашканын айтты.

Буга чейин депутаттыктан тышкары Тлеухан Казакстан президентинин оркестрин, маданият комитетин жетектеп, маданият министринин орун басары кызматтарын аркалаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты