Казакстанда жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар

  • 2 года мурун

Казакстандагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар.

Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги билдирди.

27-августта саат 06:40та Батыш Кытай – Батыш Европа унаа жолунун 601-чакырымында Түлкүбас районунун Шапак-Баба айылына кире бериште автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен.

Кырсыктан жабыркагандардын арасында  А.З.А (1978-жыл),  Т.У.Т(1989-жыл), Э.С. (1985-жыл), М.Б.Т (1997-жыл) аттуу кыргыз жарандары бар. Алар  ар кандай жаракаттар менен Түлкүбас районунун Т.Рыскулов айылынын борбордук райондук ооруканасына жаткырылды.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланып, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул окуя Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен каттоого алынган.

Белгилей кетсек, 27-августта Казакстандын Түркстан облусунда «Ташкент – Бишкек» багыты боюнча каттаган автобус кырсыкка кабылып, 12 адам оор жаракат алган. Автобуста жалпы 2 айдоочу жана 47 жүргүнчү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты