Казакстанда жалаң аялдар иштеген полиция бөлүмү иштеп жатат

Казакстандын Караганды шаарында жалаң аялдар иштеген полиция бөлүмү ачылды. Долбоордун максаты – үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү.

Мекемеден билдиришкендей, бир айга жетпеген убакытта бул бөлүмгө 500дөн ашык кайрылуу түштү.

Расмий түрдө Үй-бүлөгө жардам берүү борбору деп аталган бул бөлүм дайыма ачык болуп, кызматкерлери полиция формасын кийбейт. Жетекчилигинин айтымында, аялдардын полиция бөлүмү – Караганды шаарындагы укук коргоо органдарын реформалоонун бир багыты.

«Бизде психотравмалык кырдаалдар болбой, аялдарга ишеним менен мамиле жасалат. Анткени аялдарга өз көйгөйү тууралуу аялга айткан жеңилирээк болот» деди бөлүмдүн башчысы Гүлбану Сатпаева-Алпысбаева.

Бул борбор үй-бүлөлүк жаңжалдар жана аялдар менен балдарга карата зомбулук багытында иш алып баргандыктан, штатында тергөөчүлөрдөн жана жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлордон тышкары психологдор, камкордук органдарынын өкүлдөрү да бар.

Караганды полициясына быйыл үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча дээрлик 50 миң кайрылуу түшкөн. Бирок зордукчуларды дайыма эле жазалоо мүмкүн боло бербейт. Айрым учурларда жабыркаган аялдар шаардагы «Апалар үйү» аттуу кризистик борборго жайгаштырылат. Бул борбор иштей баштаган тогуз жылдан бери эч качан бош калган эмес, дайыма жабыркаган аялдар болот.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты