Казакстанда суу ташкындан улам эвакуациялангандар 16 миңге чукулдады

  • 4 недели мурун

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Бауыржан Сыздыков 2-апрелде өлкөнүн бир катар аймактарында суу ташкыны боюнча абал «туруктуу түрдө оор» экенин билдирди.

«Батыш аймактарда суунун көлөмү бир аз азайганы байкалып, өлкөнүн борбордук, түндүк жана чыгыш аймактарындагы дарыяларда, тескерисинче, суунун деңгээли көтөрүлүп жатат» деди Сыздыков.

Анын айтымында, учурда куткаруу иштери уланууда. Актөбө, Батыш Казакстан жана Костанай облустарында оор абал сакталууда. Аталган аймактарга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана техникалары тартылган.

Беш облус суу каптаган аймакта калууда, ал жактарда жергиликтүү масштабдагы өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Сыздыковдун айтымында, сел учурунда 15 786 адам, анын ичинде 6 187 бала эвакуацияланды. Убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 4113 адам бар, анын 1911и балдар.

Аткаминер селдин алдын алуу боюнча иш-чаралар күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын беш облусунда 1405 жеке турак жай, 372 короо, 99 дача жана 10 имарат суу астында калууда. 237 жеке турак-жай жана 939 короо-сарай тазаланды.

Жолдорду жана төрт көпүрөнү калыбына келтирүү иштери көзөмөлгө алынды. 50 калктуу конуш транспорттук байланышсыз калууда.

«Биз алар менен тынымсыз байланыштабыз, акимчиликтер тамак-аш жана дары-дармектин запастарын даярдап, аларды да жеткирип беришти»деп билдирет Казакстан ӨКМи.

Бийлик азыркы сел 2012 жана 2017-жылдардагы суу ташкындарынын масштабынан ашып кеткенин билдирген. Бир катар өкмөт мүчөлөрү жана акимдер катуу сөгүш же эскертүү алышты.

Сүрөт: gov.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты