Казакстанда Russia Today каналын көрүүгө мүмкүндүк берген портал жабылды

  • 5 месяцев мурун

Казакстанда бийликтин чечими менен орусиялык телекөрсөтүүлөрдү, анын ичинде Russia Today телеканалын көрүүгө мүмкүндүк берген Sputnik24 интернет-порталы жабылды. Бул тууралуу «Сибирь.Реалии» басылмасы кабарлады.

Казакстандагы бөгөттөөлөргө көз салган онлайн трекерлердин маалыматына караганда, Sputnik24 дүйшөмбүгө карата Казакстанда жабык бойдон турат. Анын тиркемесин Google Play’ден жүктөп алуу мүмкүн эмес.

Бөгөттөөнүн расмий себеби «Казакстан аймагында лицензиясы жок телерадиоберүү операторлорунун кызматтарына шарттуу түрдө кошулуу карталары жөнүндө маалыматты таратуу» болгону айтылды.

Апрель айында Sputnik24 Эстонияда орус каналдарын көрүүгө жол ачканы үчүн жабылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты