Казакстанда президенттикке талапкер көрсөтүү 23-сентябрда башталат

  • 2 года мурун

Казакстанда президенттикке талапкерлерди сунуштоо 23-сентябрда башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Константин Петров билдирди.

«Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын кеминде бир пайызынын кол тамгасы керек»деди Петров.
БШКнын маалыматына караганда, 2022-жылы 1-июлга карата 11 827 277 жаран шайлоочулардын тизмесинде болгон. Ага ылайык, ар бир талапкер 118 273 кишинин кол тамгасын топтошу керек болот.
Талапкерлерди көрсөтүү 11-октябрда, аларды каттоо 21-октябрда аяктайт. Шайлоо күрөөсү 3 миллион теңге (азыркы курс менен дээрлик 6200 доллар) болот.
Үгүт кампаниясы 21-октябрда башталат. 19-ноябрь – жымжырттык күнү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бир апта аралыгында чыгат.
Казакстанда президенттикке 40 жаштан ашкан, мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес иштеген, акыркы 15 жылдан бери өлкө ичинде жашаган жарандар талапкер боло алат.
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 42 миллион доллар керектелерин кабарлады.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты