Казакстанда паракорчулукка шектелген генерал-майордун сөөгү тергөө абагында асылган абалда табылды
- 10 months мурун
Казакстанда пара алууга шектелген генерал-майор Жайлообек Халыкулынын сөөгү 6-августта Алматынын тергөө изоляторунда асылган абалда табылды.
Бур тууралуу Казакстадын Жаза аткаруу комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматка караганда, окуя болгон жерге прокуратура, ыкчам-тергөө тобу, облустук жаза-аткаруу департаментинин өкүлдөрү келген. Тергөө изоляторунда отурган кишилер суралган. Териштирүү иштери башталды.
Халыкулы быйыл май айында кармалган. Ал кылмыш ишин токтотуу үчүн пара алууга айыпталган.
59 жаштагы генерал-майор мурда Алматы жана Акмоло облустарынын полиция департаменттерин башкарган.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү