Казакстанда Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыулы коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 years мурун

“Казактелеком” акционердик коомунун каражатын кымыруу жана кызмат абалына кыянат пайдалануу шеги менен Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу Кайрат Сатыбалдыулы кармалды. Бул тууралуу 13-мартта өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

“Кайрат Сатыбалдыулынын мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген башка кылмыштарга да тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

51 жаштагы Кайрат Сатыбалдыулы ээлик кылган Alatau Capital Invest компаниясынын “Казактелекомдо” үлүшү бар.

Сатыбалдыулы 2000-жылдары Астана (азыркы Нур-Султан) шаарынын акиминин орун басары, “KazakhOil” компаниясынын вице-президенти жана “Казакстан темир жолдору” компаниясынын биринчи вице-президенти кызматтарында иштеген. 2010-2015-жылдары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясынын катчысы болуп, агасы кызматтан кеткенине карабай бийликтеги таасирин сактап калууга аракет кылган.

2018-жылы Forbes журналы Сатыбалдыулын Казакстандагы эң таасирдүү 50 ишкердин тизмесине киргизген. Анда басылма анын байлыгын 163 миллион долларга баалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты