Казакстанда мурдагы депутат Нуржан Алтаев 10 жылга эркинен ажыратылды

  • 5 месяцев мурун

Астанада сот парламенттин мурдагы депутаты Нуржан Алтаевди 10 жылга эркинен ажыратты жана өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кзыматтарды ээлөөгө тыюу салды. Прокурор ага 12 жыл сураган.

Саясатчы ири өлчөмдө пара алганы үчүн айыптуу деп табылды. Ал өзү айыптарды четке кагып келген. Күнөөсүз экенин айткан Алтаев кылмыш ишти жана өкүмдү саясий деп сыпаттады.

«Мен бийликти сындаганым үчүн алар мени отургузууну чечти», — деп айтты экс-депутат.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал «Атамекен» ишкерлер палатасын өз коргоосуна алып, мамлекеттик буюртмаларды алып туруусуна жардам берген». Палатанын төрагасы Аблай Мырзахметов 2003-жылы мамлекеттик мүлктү кымырып алганы үчүн беш жылга шарттуу кесилген.

45 жаштагы Алтаев бийликтеги «Нур-Отан» (кийин «Аманат» деп аталышы өзгөртүлгөн) партиясыгнан депутат болгон. 2020-жылы, Казакстанда эрте парламенттик шайлоо жарыяланганда ал «Эл тиреги» аттуу оппозициялык партия түзүү ниетин билдирген. Ошондо «Нур-Отандын» катарынан чыгарылган жана депутаттык мандатынан ажыратылган. Кийин бийликти партиясын каттоого бут тосууда деп айыптап келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты