Казакстанда мажилистин төрагасы алмашты

  • 2 года мурун

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин төмөнкү палатасынын (мажилис) төрагасы Нурлан Нигматулиндин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мажилистин спикери болуп президенттин администрациясынын жетекчиси Ерлан Кошанов шайланды. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту. Кошановду спикерликке башкаруучу «Нур Отан» партиясы көрсөттү.

Кошановдун ордуна президенттик администрациянын башчылыгына Мурат Нуртлеу дайындалды. Ал бир айга жакын убакыттан бери Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

59 жаштагы Нурлан Нигматулин буга чейин мажилисте үч жолу төрагалык кылган. 2014-2016-жылдар аралыгында Казакстан президентинин администрациясынын башчысы да болгон.

Жергиликтүү Forbes басылмасынын версиясы боюнча Нурлан Нигматулиндин бир тууганы Ерлан 2021-жылдын жыйынтыгы менен Казакстандагы таасирдүү 50 бизнесмендин катарына кирген.

31-январда Токаев Алматынын мэри Бакытжан Сагинтаевди кызматтан алып, анын ордуна Улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаевди дайындаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты